“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаздык чабышкан кыз-келиндер мелдеши кызыктуу өттү (сүрөт баян)

25 Февраль 2017 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 636

Бүгүн Ш.Бейшеналиев мектебинде   райондогу мекеме-ишканалардагы кыз келиндер арасында  өтмө кубоктун кезектеги оюну болуп өттү.  Мелдешке бул жолу 8 команда  катышып,   райондук  “Тынчтык”  балдар бакчасынын эмгек жамааты уюштурду.

DSC_1519
DSC_1732 DSC_1661
DSC_1749 DSC_1758

Буга чейинки болуп өткөн  спорттук мелдештердин  4 айлампасындагы оюндардан айырмаланып,  бүгүнкү    оюнда  мүшөк менен секирүү,  жаздык чабышмай,бир шакекченин ичине эки киши  болуп айланып чуркоо  жана таякчанын жардамы менен топту  тоскоолдуктардан алып өтүү сыяктуу кызыктуу оюндар ойнолду.

DSC_1752

DSC_1548

Жаздык чабышуу оюнунда бала бакча жана  оорукананын  айымдары артыкчылык кылышса, калган эстафеталык оюндарда балдар билим борбору, мугалимдер жигердүү катышты.

DSC_1772

DSC_1776Мелдештин соңунда өтмө кубокту жана кийинки мелдешти уюштуруу милдети  балдар билим борборунун жамаатына тапшырылды.

DSC_1781

DSC_1779

Ал эми 2- орунду Ш.Бейшеналиев мектеби,   3-орунду Э.Карасартов мектеби камсыздады.  Жеңүүчүлөргө  бала бакчанын директору М.Мундусбаева     сыйлыктарды тапшырып, ден соолукту жана  ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан  мелдешке ийгилик каалады.

Сынакка даярдаган:   Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору:   Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!