Ш.Бейшеналиев мектебинде 2-мартта боло турган областук семинарга даярдыктар көрүүлүдө.Учурда ар бир окуу бөлмөлөргө эмеректер, окуу куралдар, усулдук бурчтар ата-энелердин демөөрчүлүгү жана экинчи жана үчүнчү кабаттагы баардык окуу залдары мугалимдердин, жеке демөөрчүлөрдүн каражатына кайрадан жасалгаланып жаңыланды.


Окуу бөлүмүнүн башчысы Сатындиева Чынар: “Мектептеги дээрлик бардык кабинеттерге ар бири 6-8 миң сом турган эмеректер коюлду. Мындан сырткары ар бир предметтик кабинеттердин пол, парталары терезелер сырдалды. Ал эми биринчи кабаттын залы 60миң сом каражатка жаратылыш залы болуп кайра жасалгаланды.
![20170301_121358[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/15/2017/03/20170301_1213581-1024x576.jpg)
Жаңы коюлган усулдук бурчтарга мугалимдер көрсөтмө куралдардын бир канча түрүн коюшуп, даярданышууда..
Сынак үчүн даярдаган:Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору:Айылчиева Адина