Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 2-марттагы облуcтук семинар ийгиликтүү өттү. Семинарда ачык сабактардан тышкары ийримдердин иш чаралары дагы өткөрүлдү. Алардын бири менталдык математика боюнча ийрим. Менталдык математика Нарын областы боюнча Ак-Талаа районунда гана бар. Аталган ийримди информатика мугалими Макелеева Нургүл жетектейт.

Ачык сабак 3-4-класстын окуучуларынын жана 17 мугалимдин катышуусу менен өттү. Окуучулар эки командага бөлүнүп, таймашышты. Катышып отурган мугалимдер бул кружокко жогорку баа беришти . Нарын районунан келген Темирбек уулу Ж: “Кружок жакшы денгээлде өттү. Окуучулардын менталдык математикага кызыгуусу абдан жогору экен. Алар эки-үч орундуу сандарды автоматтык түрдө кошуп, алып, көбөйтүп жатышты. Бизди 5 минутада чыгарчу эсептерди 4 минутада эле чыгаргандары абдан тан калтырды. Баардык окуучулар сабакка активдүү катышышты. Бизде мындай ийримдер жок” дейт.
Сынак үчүн даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина