“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ш.Бейшеналиев мектебиндеги облустук семинар жогорку денгээлде өттү.

3 Март 2017 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны: 116

2-мартта Ш.Бейшеналиев мектебинде областтык семинар болуп өттүМугалимдер ачык сабактарды ,көргөзмө куралдарын жасашып мыкты даярдыгын көрсөтүштү.
DSC_1554 DSC_1615 DSC_1628 DSC_1637 DSC_1644 DSC_1645 DSC_1661 DSC_1682 DSC_1695 DSC_1707 DSC_1717 DSC_1734 DSC_1761 DSC_1790 DSC_1824 DSC_1832 DSC_1842 DSC_1844 DSC_1852

Семинардын ачылышында мектеп директору Ч.Рыспаева мектептеги инвестиция жөнүндө сөз сүйлөдү.Семинарга  жалпы 80 ге жакын мугалимдер жана облустун  беш райондон билим берүү бөлүмүнун жетекчилери,  методисттери  катышты.Мектептин мугалимдери инновациялык технологияларды  колдону менен предметтик 18 ачык сабак,2 класстык тарбиялык саат,манасчылык,  ыр ,бий ийримдеринин иш чаралары,тегерек стол жана тренингдер   өткөрүлдү.Семинарга келген өкүлдөр топторго бөлгөн жаш мугалимдер менен  ачык сабактарга кирип катышты.Сабактардан кийин көргөзмө  куралдарга  күбө болушту.  Мектеп директору   Ч.Рысбаеванын айтымында  мектеп инновациялык деген сертификат берилген.  Өтүлгөн сабактардын баары ошого ылайык даярдалып, сабак өтүүнүн ар түрдүү жаңы ыкмаларын  колдонуу менен сабактарды өтүштү. Жыйынтыгында дээрлик баардык сабактар жана иш чаралар жогорку деңгээлде өткөндүгү белгиленди.

Сынакка даярдаган:   Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору: Айылчиева Адина