“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ага Хан фонду окуучулар арасында сынактарды өттү

10 Март 2017 жыл 19:11
Көрүүлөрдүн саны: 171

Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мусуралиева орто мектебинде Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун окуучулары арасында  изилдөө иши, англис тилде дил баян жазуу жана математика сабактары боюнча сынык болуп   өттү.Сынак Ага  Хан фонду тарабынан уюштурулуп,жалпы 30га жакын окуучу катышты.

IMG-20170228-WA0015 IMG-20170228-WA0017 IMG-20170228-WA0011

Коомдогу көйгөйлөрдү изилдөө тапшырмасы боюнча  Атбашылык окуучулардын 1-чи тобу   “Кыргызстандын өспүрүмдөрү 21-кылымда”деген теманын негизинде интернеттеги  “Көк кит” оюнун,   2-тобу  Ак-Муз айылындагы Боогачы суусунун экологиясын изилдөө иштерин алып келишкен. Ал эми Актаалык окуучулар “ Тамекинин зыяны жана анын курамы” деген темада изилдешип,көрүүчүлөргө жактап беришти. Дил баян жазууда окуучулар берилген темалар боюнча англис тилинде жазышса, математика сабагынан текшерүү иш алынды. Уюштуруучулардан турган калыстардын чечими менен изилдөө иштери боюнча 1-3-орунду Атбашылык, 2-орунду  Акталаанын Ш.Бейшеналиев атындагы мектебинин окуучулары камсыз кылышты. Дил баян    жазуу боюнча    1-2-орунга  Ш.Бейшеналиев мектебинин, 3-орунга Атбашылык  окуучулары  ээ болду. Математика сабагы боюнча 1-3-орунга Атбашылык,  2-орунга Акталаалык окуучулар татыктуу болду.   Алдынкы орундарга ээ болгон окуучулар Нарында өтүүчү облустук сынакка катышат.  Аталган сынакка фонддун жер-жердеги мугалимдери даярдап алып келишкен.

Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира