Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө мектеп окуучуларынын арасында “Мен бийчимин” аттуу бий таймашы алтынчы ирет өткөрүлдү.

Таймашка райондогу орто мектептердин бий ийримдери жана балдар билим борборунун “Кыял” бийчилер, жалпы 12 бий командасы жана 2 жеке катышуучу болду. Жобого ылайык катышуучулар үч: кыргыз улуттук, башка улуттун жана заманбап жаштар бийлери боюнча даярданышкан.






Катышуучулардын айрымдары мыкты даярдыктар менен келишкен болсо, айрымдары 1-2 тапшырмага бирдей эле бийлерди аткарышты. Таймаштын жүрүшүндө калыстар тобу катышуучулардын өздөрүн сахнада алып жүрүүсүнө, бийдеги айрым элемент кыймыл аракеттердин аткаруу чеберчилигине баа беришти. Райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында жылдан жылга катышуучулар көбөйүп баратат. Жолдун алыстыгына карабай келген бий топтору да бар. Ал эми негизги максаты бий өнөрүн өнүктүрүү.
Бүгүнкү таймашта тандалып алган алты: Ш.Бейшеналиев мектебинин “Азем”, “Диадема”, “Диа-1”, Э.Карасартов мектебинин “Тоо шаңы”, балдар билим борборунун “Кыял” жана А.Турдакунов мектебинин “К-групп” бий топтору 13-мартта өтүүчү финалдык турга катышат.
Сынакка даярдаган: Нурбекова Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина