Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектебинде тарбия иштерин уюштуруучулардын быйылкы окуу жылындагы райондук семинары жыйынтыкталды. Семинар “тарбия башаты-адеп” деп аталып, анда 6 орто мектептин уюштуруучулары ар кыл үлгүдөгү ачык тарбиялык сааттарды, тренинг жана талкууларды ата-энелер менен бирге өтүштү. Алгач мектеп тууралуу окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Куштарбек кызы маалымат берди: Мектепте 116 окуучуга 26 мугалим билим-тарбия берет. Мектеп алгач толук эмес билим берүүчү болуп уюшулган. Учурда 1-11-класска чейин класс комплекти бар”.

Андан соң белгиленген жүгүртмө боюнча сабактар өтүлдү. М.Базаркулов атындагы мектебинин уюштуруучусу Жазгүл Момуналиева “Адептүүлүк, ыймандуулук адам көркү”, Э.Мейманов мектебинен Капарова Айгүл “Адамдагы эң жогорку сапат-адептүүлүк”, Н.жыргалбекова мектебинен Исраилова Бурулсун “Адеп башаты-үй-булө” ж.б темаларда сабактарга окуучулар жана ата-энелер жигердүү катышты. Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Рахат Биримкулова ата-энелер бардык учурда мектепке ар тараптуу жардамдарды берип, колдоо көрсөтүп, тыгыз байланышта экендигин айтты. Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумүнүн адиси Ильич Жакшылык уулу: Теманы абдан жакшы тандап алгансыздар. Сабактар абдан жакшы өттү. Ошондой эле мектептин өзүндө жакшы жакка өзгөрүүлөр бар экен. Бул семинар быйылкы окуу жылындагы жыйынтыктоочу семинар болчу. Буюрса жыл бою бири-бирибизден ушундай иш чаралар аркылуу тажрыйба алмаштыкдеп ойлойм” деди.
Даярдаган: Г.Мамытбекова