“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Алыскы айылдагы сүрөтчү мугалим эже Алтынай

18 Март 2017 жыл 5:49
Көрүүлөрдүн саны: 180

Шыгаева Алтынай  Жерге-Тал айылындагы   И.Молдобаев атындагы орто мектебинде    сүрөт сабагы мугалими болуп   эмгектенип келе жатканына 12 жыл болду. Бул жылдары  иштеген ишинде  бир топ ийгиликтерди жаратып келет.  Сүрөт сабагынан бергени менен  мектепте кол өнөрчүлүк боюнча  ийримди жетектеп, окуучуларга кыргыздын улуттук буюмдарын жасоону үйрөтөт.

20170315_154122

20170315_153702 20170315_153706 20170315_153714   Алтынай:  Кичине кезимде  юрист болгум келчү. Бирок окууга шартка байланыштуу кечигип калдым. Борборго барсам айылдаш тааныш эже   сүрөтчүлүккө тапшырып көрүүмдү сунуштады.  Анткени сүрөттү жакшы тартчумун. Тапшырып өтүп кеттим. Азыр окуганыма, сүрөт мугалими болгонума өкүнбөйм. Бул өзүнчө бир көркөм дүйнө. Сабактан сырткары кол өнөрчүлүк ийримде кыздарга ар түрдүү буюмдарды жасайбыз. Көбүнчө ою-чиймеге басым коем”  дейт.  Ийримдин мүчөлөрүнүн колунан  жасалган буюмдардын жана сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп турат.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова