“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыз-келиндердин кезектеги оюну болуп өттү

18 Март 2017 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 395

 

Бүгүн Ш.Бейшеналиев мектебинде райондогу мекеме-ишканалардагы кыз –келиндер арасында өто кубоктун кезеги оюну болуп өттү.Мелдешке бул жолу 7 команда катышып,райондук балдарга Билим берүү борборунун эмгек жамааты уюштурду.            20170318_10574220170318_12141320170318_123216

20170318_124751

20170318_125225

Буга чейинки болуп өткөн спорттук мелдештердин 5 айлампасындагы оюндардан айырмаланып,   бүгүнкү оюнда  чака чапмай, скалкалка секирмей,  топту элеп барып шакекчеге салмай сыяктуу оюндар ойнотулду.Чака чапмай оюнунда  кыз- келиндердин аракети жакшы болгон жок.Скалкалка  менен секирүүдө Э.Карасартов мектеби жана РЭС жигердүүлүгүн көрсөттү.Мелдештин соңунда өтмө кубокту жана кийинки мелдешти уюштуруу милдети Э.Карасартов мектебинин жамаатына тапшырылды. Ал эми 2-орунду бала бакча, 3-орунду больница камсыздады.

20170318_13155120170318_131713

20170318_131745

Жеңүүчүлөргө балдарга билим берүү борборунун директору Баязова Айнура сыйлыктарды тапшырып,ден соолукту жана ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулуп жаткан мелдешке ийгилик каалады.

Сынакка үчүн даярдаган:  Жылдызбек кызы Алтынай

Редактору: Айылчиева Адина

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!