“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Спорттук мелдештер быйыл сахнада өттү

21 Март 2017 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны: 173

Жыл сайын Нооруз майрамында спорттук мелдештер салт катары өткөрүлүп келген. Буга чейин  футбол, волейбол, веложарыш, тогуз коргоол  өңдүү оюндар уюштурулса, быйыл кардын калыңдыгына байланыштуу кол күрөш, таяк тартыш боюнча  гана  мелдеш өттү.

DSC_2227[1] DSC_2229[1] DSC_2234[1] DSC_2238[1]

DSC_2240[1]

Мелдеш  быйылкы аба ырайыга байланыштуу  райондук маданият үйүндө болуп, ага буга чейинки оюндарда финалга чыккан оюнчулар катышты. Райондук спорт инструктору Чырмыев Мирбек: “Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай кар али кете элек. Ошол себептүү ушул  жерде өткөрүүгө туура келди. Мындан сырткары шахмат боюнча да турнир өткөргөнбүз. Түштөн кийин  Бермет-Жал ат майданында да ат чабыш оюндары өтөт.Ошондой эле айылдын четинде ордо оюну өтөт”  дейт.

DSC_2250[1]DSC_2253[1] DSC_2255[1]

DSC_2259[1]

DSC_2257[1] DSC_2258[1]Кол күрөш боюнча 1-орун Токтобек Тойтоев, 2-орун Агыбаев Мирбек, 3-орунду  Жапарбеков Кылымбек камсыз кылса,  аялдар арасында 3-орунга  Сыдыкова Чолпонай, 2-орунга Каргаева Гүлмира, 1-орунга Капарбек кызы Гүлжаз  ээ болду.  Шахмат боюнча   3-орун  Молдалиев Керимбек, 2-орун Жыргалбеков Таалай, 1-орун Баатырбеков Рыскелдиге   ыйгарылды.

Даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира