Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-11-класстын кыздары жана ата-энелер, райондогу орто мектнептердин тарбия иштерин уюштуруучулары, социалдык педагогдордун катышуусунда “өспүрүм кыздардын укугун коргойбуз-эрте никеге жол бербейбиз” аттуу лекция-талкуу өттү.

Анда “Ай-Жарык” коомдук бирикмесинин өкүлү Капарова Жылдыз учурда өлкөбүздө кыздар эрте жашта никеге туруп жаткандыгы, мындай жагдай көп кездешип жаткандыгын айтты:

“18 жашка чейинки нике балдардын укугун бузат, өмүрү жана ден-соолугу үчүн коркунуч алып келет, билим алууга мүмкүнчүлүк бербей, айрым учурда күйөөсү же анын туугандары тарабынаен зомбулукка туш келет. Ошол себептүү эрте жашта балдарыңыздардын бактылуу жашоосунан ажыратып койбонуздар. Бүгүнкү иш чарабыздын да негизи максаты-мына ушу”.

Катышкан окуучулар өздөрү кызыккан суроолорду берип, жооп ала алышты. Ошондой эле эрте никеге туруу кандай абалга алып келери тууралуу чакан телефильмдер көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек; 2016-жылы Акталаанын аймагында 9-10-класстарда окуган эже-сиңдилерди ата-энеси күйөөгө берип койгон.
Даярдаган: Г.Мамытбекова