“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кенже кызматкерлер арасында “Сармерден” өттү

24 Март 2017 жыл 6:26
Көрүүлөрдүн саны: 214

Баетов айылында   Нооруз майрамынан карата    кенже кызматкерлер арасында   “Сармерден”   кыз-жигит тамаша оюну болуп өттү. Ал  Д.Ажиев атындагы айылдык клубда болуп,  Э.Карасартов   жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин кенже кызматкерлери катышты.

DSC_2103Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы  Турусбеков Талант   көрүүчүлөрду жана катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап:   “Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган иш чараларда  кенже кызматкерлери унутта калат. Чынында  булардын кызматы көзгө көрүнбөйт. Кенже кызматкерлердин күнүн белгилегенде ушундай бир оюн-зоок өтүп көрөлү дедик эле. Буюрса ишке ашты. Эми ийгилик” деди.

DSC_2131

DSC_2136DSC_2118

DSC_2153

DSC_2143DSC_2133Берилген жобо боюнча саламдашуу, Манас айтуу, чечендик өнөр, ыр-бий, даскоркон берекеси өңдүү  тапшырмалар менен  өнөр таймашышты. Эки мектептин тең кызматкерлери абдан жакшы даярданышкан. Атайын белгиленген калыстар тобу  ар топтун өнөрүнө, аткаруу жөндөмдөмдөрунө карап баа берип жатышты. Жыйынтыгында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кенже кызматкерлери алдыга озуп,жеңип чыгышты.

Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай