Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду.

Мындай учурда айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, жөө адамдар жолдон өтө албай кооптуу жагдай түзүлгөн эле. Айылда жайгашкан мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери сел журүп кетүүнү алдын алып, атайын унаалар менен кардан тазалоо иштерин жургүздү.


Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков: Айыличиндеги сел журүп кетүү коркунуч бар деген жерлерди, айрым борбордук көчөлөрдү кардан тазаладык. Ал эми жашоочулар өз үйлөрүнүн айланасындагы арыктарды тазалашты. Жалпы айылдан 300 тоннага жакын кар чыгарылды” дейт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова