“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Конорчоктогу мектепте мыкты көрсөтмө куралдардын сынагы өттү

5 Апрель 2017 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны: 1144

Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы  орто мектебинде   эң мыкты көрсөтмө куралдардын сынагы болуп өттү.  Ага   мугалимдердин  фантазиясынан жаралган сабакка колдонуучу оригиналдуу жасалган ар кандай  кыймылдуу көрсөтмө куралдар коюлду. Сынак мектеп администрациясы тарабынан уюштурулуп, калыстар тобу мугалимдердин эмгектерин сабакка колдонуусуна, эстетикасына карап баалашты.

received_806712159477867 received_806713119477771 received_806714906144259 received_806717609477322 Калыстардын берген баасынын жыйынтыгы менен 1-орунга Кенжебаева Майрамкан, 2-орунга Жумаева Нуркан татыктуу болсо, ал эми 3-орунду Абдыгулова Жийде женип алды.

received_806718206143929received_806718839477199

Жеңүүчүлөргө Ардак грамота менен бирге акчалай сыйлыктар берилди.  Мындан сырткары  айрым мугалимдерге кызыктыруучу сыйлыктар да тапшырылды.  Мектеп директору   М.Исамамбетованын айтымында мындай сынактарды өткөрүү-мугалимдерге стимул болот.Негизи эле учурдун талабына ылайык билим берүү зарыл. Демек  көрсөтмө курал да маанилүү. Ал эми жеңүүчү деп табылган мугалим  райондук сынакка катышат.

Даярдаган:  Аппасова Аида

Конорчок айылы