“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Элдик революциянын 7 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү

6 Апрель 2017 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 157

Бүгүн Ак-Талаа райондук маданият үйүндө  “Ыйман, адеп жана маданият жылына” жана   Элдик революциянын 7 жылдыгына карата    “Туугандуу бийде ыйман жок” жана  “От тамган онунчу жыл”   аттуу  поэзия кечеси болду.  Кечени райондук китепкананын кызматкерлери уюштуруп, ага эмгек ардагерлери, окуучулар жана мугалимдер катышты.

received_409111526119013 received_409111529452346
received_409111636119002А.Кулназаров атындагы китепкананын директору  Жээнбаева Замира Элдик   революция тууралуу маалымат берди.

IMG-20170406-WA0014[1]

Андан соң   башкы китепканачы Омуралиева Гулзат  аталган датага байланыштуу чыккан китептер,  журналдагы макалалар тууралуу баяндама жасап, “Эл бакубат жашоо үчүн сөзсүз революция керекпи?  ал кандай жетишкендиктерди берди” деген суроонун тегерегинде окурмандар менен ой бөлүшүү болду.

IMG-20170406-WA0013[1]

Китепкана директору  З.Жээнбаева кеченин максаты тууралуу: “Элдик  баатырларды эскерүү менен, ар бир кыргыз атуулу өз Мекенин татыктуу коргой аларын дагы бир жолу далилдедик”  дейт.

received_409221416108024

Кечеде  “Бүчүр” поэзия ийриминин мүчөлөрүнүн ырлары окулду.

Даярдаган:  Нурбек кызы Аймырза