Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде Элдик революциянын 7 жылдыгына карата мугалимдер жана окуучулар менен бирге “Түбөлүк таазим силерге апрель баатырлары” деп аталган иш-чара өттү. Алгач курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Андан сон бул датага байланыштуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, окуучулар 7-апрелдеги окуялар тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле революциянын каармандарына арналган видеожүгүртмө көрсөтүлдү.

Мектептин социалдык педагогу Апасова Аида: “Апрель революциясында курман болгон мекендештерди эскерип, эрдиктерин даназа кылуу милдетибиз. Бүгүнкү иш-чаранын максаты да мына ушу” дейт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова