Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде ата-энелер, окуучулар менен бирге тегерек столдо талкуу болду. Анда катышкандар тарабынан учурда мектепте окуучулар арасында рекетчилик негизги көйгөй болуп жаткандыгы белгиленди.




Ата-энелер турмуштук мисалдардан улам аталган көйгөйду жеңүүдө балдарына жакындан бере албай аткандыктарын айтышты. 11-класстагы окуучунун ата-энеси Чынар: “Балдар ачыгын айтышпайт. Азыр көп ата-энелер балдарыбызга сөзүбүз өтпөй калганы жашыруун эмес го. Рекетчилик мектепке сырттан келет деп ойлойм. Эгерде ошо сырткы күчтөрдөн басым болбосо бул нерсе токтойт эле. Өзүбүз да бир аз кайдыгер болуп жатабыз” десе окуучулардын көпчүлүгү эч качан жоюлбайт. Анткени калыптанып калган деген пикирди айтышты. Ал эми мектептин социалдык педагогу Бурул Жангазиева: “Учурда бул ар бир мектепте оор маселе болуп саналат. Мындай кадамдын аягы арым учурда өлүм менен аяктап жатканы өтө өкүнүчтүү. Рекетчиликти алдын алууда жалгыз мугалимдин колунан келбейт. Ошол себептүү бул маселеге келгенде коомчулук четте карап турбашы керек. Биз эми алдын-алуу, түшүндурүү иштерин дайыма жүргүзүп жатабыз” дейт.
Даярдаган: Жылдызбекова Алтынай