Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү. “Эр төрөгон эр өлбөйт” деген аталышта Баатырлар залы уюштурулуп, анда курман болгон кыргыз уулдарынын сүрөттөрү коюлду. Ошондой эле жаш сүрөтчүлөрдүн кыл калеминен жаралган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Мектептин 8-6-классынын окуучулары Баатырлар залында эскерүү линейкасын өткөрүшүп, анда Бакиевдик бийликтин режими, ошо күнкү кандуу окуялар тууралуу кенири түшүнүк беришти.
7-апрелде шейит кеткен Акталаалык Карасартов Адилет, Камаев Усөнбек Ажымамбетов Акылбектин өмүр баянынан маалымат берилип, арналган ырлар окулду. Мындан сырткары окуучулар Элдик революцияга арналган залга экскурция кылышты. Мектептин директору: Ч.Рысбаева: “Урматтуу окуучулар биз мына элдик революциянын 7 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул күн кыргыз элинин тарыхында кандуу окуялар менен коштолгон күн катары калат. Силер элинердин мыкты атуулу болушунарды жана Мекенди көздун карегиндей сактаган эр көкүрөк болушунарды каалайбыз.Эрдиктерди ээскерүү ар бирибиздин парзыбыз” деди.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира