“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акмөөрдүн синдилери Элдик тобу Туркияга фестивалга катышууга барат

15 Апрель 2017 жыл 6:02
Көрүүлөрдүн саны: 150

Ак-Талаа районунда мындан 17 жыл  мурда   жалаң  айымдардан турган  “Акмөөрдүн сиңдилери”    тобу түзүлгөн. Бул  жылдарда  аталган  топ   республиканын аймагындагы маданий жайларда бир нече ирет, концерттик программаларын  менен ар кандай сынактарга катышып, өнөрлөрүн тартуулап келишкен. Топтун курамындагы  айымдардын дээрлик көпчүлүгү  “Маданияттын мыктысы”   төш белгилеринин ээси болсо, айрымдары райондун,  облустун  “Ардактуу атуулу” наамынын ээлери. 2005-жылы Маданият  министрлиги тарабынан Элдик деген наам ыйгарылган.

20170414_195437

20170414_200942

20170414_201157

20170414_204116Үстүбүздөгү жылы  кыргыз телевидениеси тарабынан уюштурулган  “Шайыр апалар”   сынагына катышып,   сынактын  Талас шаарында өтүүчү  республикалык туруна  катышууга жолдомо алышкан. Эми  9-майда  Туркия мамлекетинде өтүүчү фестивалга катышууга даярдыктарды көрүп, эки күндөн бери райондук маданият үйүндө концерт беришүүдө.

Даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира