Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата айылдарга концерттик программа менен Терек, Байгөнчөк айылдарына гастролдорго чыгышты.


Мугалимдер оркестрда ойноп, улуттук бийлерди бийлешип, ырларды аткарышты. Мындан сырткары быйылкы жылына карата ар кандай тамашаларды көрсөтүштү. Музыкалык мектептин директору Артыкбаева Венера: “Бул концертке биз бир ай убакыт даярданды. Эл да көргөнү келгенде маанайы ачык, көңүлдүү отуруп көрүүсү керек. Бул ыр майрамга атайын костюмдарды тиктирдик албетте өз каражатыбызга” дейт.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза