“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Жаш өспүрүмдөрдү турмуштагы терс адаттардан алыс кармоо”

18 Апрель 2017 жыл 8:36
Көрүүлөрдүн саны: 139

Мына ушундай аталыштагы иш-чара  менен социалдык педагогдордун быйылкы окуу жылындагы   семинары жыйынтыкталды. Бул жолу  Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде болуп, ага билим берүүчү мектептердеги  бардык  социалдык педагогдор катышып, ар кыл темадагы сабактарды, тегерек  стол, спорттук оюндарды өтүштү.

IMG-20170415-WA0022 IMG-20170415-WA0020 IMG-20170415-WA0011

Белгиленген айрым иш чараларга ата-энелер да жигердүү катышып, ой-пикирлерин билдиришти. Семинарга катышкан Ш.бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу  Бурул Жангазиева:  Бүгүнкү семинар өз максатына жетти. Анткени белгиленген сабактарга мугалимдер жакшы даярданышкан. “Тамеки-өмүргө зыян,    “Телефондун пайдасы жана зыяны”, “Бош убакытты туура пайдалануу”   жана башка сабактар кызыктуу болду. Бул мектепте мугалимдер жана окуучулардан сырткары ата-энелердин активдүүлүгүн да айта кетким келет”  дейт.

IMG-20170415-WA0013

Семинардын соңунда катышуучулар менен спорттук  мелдеш  өттү. Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнөн семинарга катышкан өкүлдөр   өтүлгөн сабактардын, даярдыктардын негизинде максатына жеткендигин белгилешти.

 

Даярдаган:  Кулманбетова Мээрим.

Жаңы-Талап айылы