Көк-Жар айыл өкмөтүндө эки күндүк жаанга карабай айылда ишембилик болуп, арыктар чабылып, көчөлөр тазаланып, иретке келтирилди. Ишембиликтен кийин окуучулар менен бирдикте айылда бир нече убакыттан бери каралбай калган паркка 3000 түп терек тигилди.

Айыл өкмөт башчысы Ө.Бозалаев: “Паркка мурда алма отургузулган. Бирок кароосуз калгандыктан кайрадан колго алдык. Теректи 3 жылдык келишимдик негизинде АКталаа токой чарбасынан 60мин сомго алып келдик. Эми буюрса отургузган сон карап, багып, элибиз эс алчу жакшы бир жайга айлантсакпы деген тилегибиз бар. Ал эми ишембилик жыл сайын жазга карата жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-аракеттеринин бири” дейт.
Даярдаган: Чыкын кызы Назира