“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Көк-Жарда китеп окурмандар менен иш чара өттү

25 Апрель 2017 жыл 5:18
Көрүүлөрдүн саны: 348

Көк-Жар айылындагы   Т.Арунов атындагы айылдык китепканада Буткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш чара өттү. Анда  айылдагы активдүү китеп окурмандарга китепканадагы  адабий китептер тууралуу маалымат берилди.


Китеп окурмандар менен бирге өткөн иш чарада китепкана башчысы Маасымкул Мейманова  окурмандарга китептин качан, кайда пайда болгон, эн кичине жана эң чон китептер тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтты. “Китеп-бул билимдин булагы, китеп окуган адам ар качан ар тараптуу өнүккөн инсан болот. Андыктан  баарыбыз кмтеп окууну адатка айландыралы. Азыр көпчүлүк китеп окубай интернет менен алектенип калды. Китепокуган адамдын жан дүйнөсү бай болот”  дейт  М.МеймановаОкурмандар өз кезегинде окуган китептери жөнүндө айтып, окуу күндөр өткөрүлүп турса дешти.

Даярдаган: Назира Чыкын кызы