“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бөбөктөрдүн бакча менен коштошуу майрамы болду

29 Апрель 2017 жыл 7:31
Көрүүлөрдүн саны: 283

Жаны-Талап айылындагы   Бөбөк-Тай   бала бакчасында   “Кош бол, бакчам”  майрамы  болуп, жеткинчектер  үйрөнгөндөрүн ата-энелерине көрсөтүштү.  Майрамда бөбөктөр   ырларды ырдашып, бийлерди бийлешип, жомок жана тамак көрүнүштөрдү коюп беришти.

Тайпанын тарбиячысы Бугучиева Анаркүл:  Бакчанын бүгүнкү бүтүрүүчүлөрү  мектептин даярдоо классына буюрса даяр болуп калышты. Тамгаларды таанышат. Калем кармоону билишет. Сүрөт тарта алышат. Сүйлөө речтери жакшы. Ойлорун тартынбай айта алышат. Ар убак колдоо көрсөтүп келишкен ата-энелерге рахмат”  дейт.  Бакчанын бүтүрүүчүлөрү  жаңы окуу жылында даярдоо классынын босогосун атташат.

Даядаган:  Кулманбетова Мээрим