Мындай маалыматты дин өкүлдөрүнүн ата-энелер жана окуучулар менен болгон жолугушууда райаким С.Черикбаев билдирди.

Анын айтымында республика боюнча Ак-Талаа району башка диний агымдарга кирип кеткен адамдардын саны боюнча рекорд коюуда. Бул эн коркунучтуу нерсе. Карабай жатабыз да балдарыбыз, аяш уулдарбыз, кошуналарыбыз жүрүп жатат ошерде дейт. Мындан сырткары мындай агымдар менен учурда 3-4 тиешелүү орган эле иштеп жатканын, жапырт киришүү керектигин, ага кирип алгандан кийин кайра чыкпастан катарын көбөйтуп жатканын кошумчалады.
Даярдаган: Г.Мамытбекова