“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Апельсин, райхан чөпкө жана ачыган дарбызга окшош адамдар жөнүндө

30 Апрель 2017 жыл 17:51
Көрүүлөрдүн саны: 203

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө     “Адеп башаты”  коомдук фондунун жетекчиси  Таласбаев Максат  жана башка дин өкүлдөрү окуучулар  жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, ыйман, адеп, маданият тууралуу  ой-толгоолорун  бөлүшүп,пикир алмашты.

Алгач  аталган  жылга байланыштуу мектептерде өткөн иш чаралар тууралуу  маалыматтар берилди.  Андан соң фонддун жетекчиси М.Таласбаев   “Ыйман-деген эмне? Ал эмнеге негизделет? Ыймандуу адам кандай болуш керек? деген суроолордун тегерегинде ой бөлүштү:  «Мухаммед пайгамбарыбыз  (САВ) адамдарды үчкө бөлгөн. Биринчи адамдар апелсинге  окшош, жесең даамдуу, жыттасан жыттуу.  Демек мындай адамдар айткан насаатын биринчи өзү аткарат жана айтканына кылган иши дал келет. Ыймандуулардын катарына кирет. Экинчилер райхан чөпкө  окшош. Жыттасаң жыттуу, бирок чайнасан ачуу.  Мындай адамдар менен  мамиле кылсан, бир аздан кийин ачуусу  көрүнө баштайт. Ал эми үчүнчү түрдөгү адамдар булар ачыган дарбызга окшош-ичи да, тышы да жаман” дейт. Аалым өз сөзүндө жыйынга катышкандарды улууну сыйлоого, кичүүнү ызаттоого, ыймандуу болууга чакырды. Ошондой эле айткан сөздү аткаруу керектигин кошумчалады.

Жыйындын журүшүндө  дин өкүлдөрүнө суроо кызыккан суроолорду беришип, пикир алмашышты.  Жыйынга райондун акими С.Черикбаев жана райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы К.Эсеналиев катышты.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова