“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетовдо такталбаган чек ара маселелери көйгөй жаратат

30 Апрель 2017 жыл 20:27
Көрүүлөрдүн саны: 158

Мындан 4 жыл мурда Баетов айылындагы жана ага чектеш айыл өкмөттөрдүн жайыт чек араларын  комиссия менен бирдикте  Атлас плюс уюму тактап берген. Терек, Ак-Чий участкалары мурдагы турган боюнча бөлүнгөн.  Белгиленген чек ара чектери боюнча  жайыт пайдалануучуларга  маалымат берилип түшүндурүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул тууралуу Баетов айылындагы жайыт комитетинин башчысы Ташматов Жээнбек мындай дейт.

Комиссиялар баары чыгып картага кол коюшкан.  Ошол бөлүнгөндө Терек, Ак-Чий участкасы  мурдакы боюнча эле бөлүнгөн да.Чабандарга түшүндүргөнбүз.Алар билет. Ал жака отурушпайт.Чабандарды жайгаштырганда бүт өзүбүздүн  чек арага жайгаштырабыз.

Жайлоого көчкөндө чабандар кайсы жайытка жайлай тургандарын билишет.  Биринин жайытына бири конуп ээлик кылбайт. Бирок айрым учурда мал бир чектен экинчи бир чабандын чегине өтүп кеткен учурда маселе жаралат дейт Баетов айылынын тургуну Осмонова Төлөбү.

Мал деген мал. Бири чыкса бири кирип кетет. Биздин жайлоодон  ары айдап жибергендери да болот.  Издейбиз.  Кээде ордунан тапсак, кээде табылбай жоголуп, төлөгөн учур да болот.

Баетов айылында  учурда  жалпы 30мин 356 гектар жайыт жерлер бар. Мунун 8мин гектарга жакыны алыскы Арпа жайлоосунда болсо, 22 мин гектары Орто-Сырт жана Кара-Суу жайлоолорунда. Негизинен жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу,  чек араларын тактоо маселелерин жөнгө салууда Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков  кандай иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду.

Негизинен азыр башка иш чараларды жүргүзө элекпиз. Биз ошо которуштуруп эс алдыруу менен гана жайыттарды калыбына келтирүү жумуштарын жасап жатабыз.

Жайлоодо бир чабан экинчи бир чабандын жайытына конуп алса албетте  чыр-чатак болот. Ошол себептүү жайлоого чыгарда ар биринин колунда жайыт белети, тактап айтканда жайлай турган жайыты белгиленген жол картасы болот  дейт Ташматов Жээнбек.

Башка бир айыл өкмөттүн жайлоосуна барып конуп алсаң же алар келип конуп алса албетте чабандар арасында   чыр-чатак  чыгышы мүмкүн. Өзүбуздүн чабандарды өзүбүздүн жайытка отургузганга аракет кылабыз. Жол картасында баары жазылып турат. Жылкыларды кышында эч ким кайтарбайт. Теректики бизге, биздики Акчйликтердин жайытына кирип кетет.

Албетте чек араларды аныктоо, жайыт пайдалануучулар арасында маселе жаратпай пикир келишпестиктерди алдын алуу үчүн  жайыт белети жардам берет деп отура берүүгө болбойт. Андыктан  жайыт чектеринде маселе жаралбаш үчүн тиешелүү өкүлдөр тарабынан  түшүндүрүү иштери   дыкат жүргүзүлүшү шарт.

Басылма  Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалыммдоо каражаттарынын Ассциациясынын  жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

      ZHajyt-chek-arasy-1

Даярдаган:  Г.Мамытбекова