“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепте Алиппе майрамы жыйынтыкталды

30 Апрель 2017 жыл 16:27
Көрүүлөрдүн саны: 246

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  жеткинчектердин    “Алиппе” майрамы белгиленди. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга көрсөтүп беришти. Ар бири өзүнө бөлүнгөн  тамгалар боюнча ырларды  айтышып, бий бийлеп, жомоктордон үзүндүлөрдү коюшту.

Ата-энелерине, көрүүчүлөргө табышмак, жанылтмачтарды айтышты. Айрым класстардын окуучулары жаныбар же канаттуулардын элесин берген формаларды атайын майрам үчүн даярдашкан.  1а-класстын класс жетекчиси А.Кулманбетова:  “Бүгүн   ата-энелерге, мугалимдерге биз эмне үйрөнгөнүбүздү көрсөтүп жатабыз. Бир топ жетишкендиктерге ээ болдук. Азыркы окуучулар бардыгына жөндөмдүү. Ал эми формаларды ата-эненин көмөгу менен даярдадык”  дейт.

Даярдаган:  Жылдызбекова Алтынай