“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Быйылкы окуу жылы менен орто мектептерге видео көзөмөл коюлат

30 Апрель 2017 жыл 19:12
Көрүүлөрдүн саны: 190

Мындай маалымат райондогу мектеп  администрациялары менен бирге өткөн коллегияда  айтылды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Каныбек Эсеналиев:  Быйылкы окуу жылы аяктаганга чейин айрым мектептерде коюлат. Ал эми калган мектептер   жаңы жылына өз аракеттери   менен   каражат таап коюшу керек. Бул боюнча тапшырмалар мектеп жетекчилерине берилген. Аракеттер көрүлүп  жатат”  дейт. Мектеп жетекчилери бул ишти колго алышарын айтышты. Анткени учурда мектептерде өспурүмдөр арасында пикир келишпестиктерди алдын алуу иштерин жүргүзүүгө чон жардам болорун кошумчалашты.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова