Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде облустагы райондордун окуучуларынын арасында спартакиада болуп өттү. Сынак Ага Хан онду тарабынан уюштурулуп, англис тилинде эркин сүйлөө, математика сабагы боюнча Акыл ордо жана кол өнөрчүлүк боюнча таймашышты. Тилде эркин сүйлөө тапшырмасында катышуучулар өздөрү каалаган темада беш мүнөт сүйлөп беришти. Анда так, туура сүйлөөсүнө,оюн жеткиликтүү айтып, өзүн эркин алып жүрүүсунө көңүл бурулду.

Ал эми кол өнөрчүлүк боюнча тапшырмада буюмдардын жасалышы, кеткен убакыт тууралуу жактап беришти. Бул сынакка Ак-Талаа районунан да окуучулар катышышты. Математика сабагы боюнча 1-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Жаныбаева Алтынай ээ болсо,англис тилинде эркин сүйлөө тапшырмасы боюнча аталган мектептин 8-класссынын окуучусу Нурланбеков Нурбакыт 2-орунду камсыз кылган. Окуучуларды ар бир райондон Ага Хан фонду менен иштешкен мугалимдер жетектеп барган. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими А.Мурзакулованын айтымында окуучуларды сынакка катыштыруу үчүн бир топ убакыт даярдашкан жана чыгымдарды фонд каржылаган.
Сынактан соң окуучулар Университет менен толук таанышып чыгышты. Окуу жайдын англис тил кафедрасынын мугалими Роза Казакбаева окуучлардын суроолоруна жооп берип, университети жөнүндө айтып берди.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза