Динара Карабекова Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими. Бирок бул кесип менен эле чектелип калбастан ар кандай сынактарга катышып турат. ЭЛТР телеканалы уюштурган “ Эл ичи өнө кенчи” теледолбооруна катышып, байгелүү орунду ээлеп, Кипрга жолдомо алып келген.

Аталган телесынакка катышкан элдик таланттар көп болгондуктан жердеши Токсобаева Бактыгүл менен дуэт ырдаган. Сынактын төртунчү айлампасында ийгилик жаратып, диплом менен сыйланган. Институтта окуп жүргөндө эле ырдап, областтарды кыдырып концерттерге катышууга жетишкен. Бирок үй-бүлөлүү болгондон тарта чыгармачылыктан алыстап кеткем дейт. Каарманыбыз июнь айында Тайландга, сентябрь айында Кипрга сапар алат. Ырчылык өнөр ата-энесинен калган. Анткени экөө тен жакшы ырдачу деп эскерет.
Даярдаган:Жылдызбекова Алтынай