Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте жаш тескөөчүлөрдүн облустук таймашы болуп өттү. Анда облустагы 5 жана шаардагы 1 орто мектептин командалары катышты. Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар сапка тизилүү, агит бригада, жаш билермандар, дубал гезиттер боюнча баяндама өңдүү жоболордо берилген тапшырмалар боюнча күч сынашты. Таймаштын жүрүшүндө калыстар тобу иштеп, тапшырмалардын аткаруу жөндөмдөрүнө карата тиешелүү упайларды берип жатышты.

Таймашта Кочкор районунан келген “Акжол” командасы даярдыгы мыкты экендигин көрсөтүп, алдыңкы сапта келатышкан. Акыркы тапшырмада упайы төмөн түшүп калды. Калыстар тобунун катчысы бар экендигине карабастан акыркы чечимди калыстар тобу таймаш өткөн залдан сырткаркы жерде чыгарышты. Акталаа районунан келген Г.Мамытбекова 10 жылга жакын убакыттан бери ушу таймашка окуучуларды даярдап катышып жүргөнүн, бирок кайсы калыстар тобу болбосун акыйкат өтпөй турганын, дайыма шаардык Виктория командасына алдынкы орунду берип коерун айтты. Эгерде жыл сайын бул командага бере бере турган болсо анда облустук деп атамыш болуп, таймаш өткөрүүнүн кажети жок. Эми ушу балдардын иш чарасында да өң-тааныштык маанилүү роль ойногону өкүнүчтүү деп кошумчалады. Таймаштын жыйынтыгына нааразы болгон Кочкор районунун Ак жол командасы сыйлык тапшыруу учуруна катышпай чыгып кетишти.
Эскертүү; Акыркы маалыматтарга караганда ИИБнүн облустук жетекчилиги 10-майда «Виктория» жана «Ак жол» командаларынын ортосунда кайрадан аталган та ймашты өткөрөт.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира