“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Өрнөктүү өмүрлөр” китебинин бет ачары болду

11 Май 2017 жыл 4:46
Көрүүлөрдүн саны: 152

Баетов айылында    тарых илимдеринин кандидаты  Бактыбек Исаковдун   “Өрнөктүү өмүрлөр”   китебинин бет ачары болду.   Бет ачар азем райадминистрациянын жыйындар залында болуп, ага  айыл өкмөттөрдөн келген өкүлдөр,  улуу муундун өкүлдөрү,  мекеме  жетекчилери катышты.


Китептин автору   Б.Исаков:  Азыр биздин ардагерлерибиздин өмүр баяны, жасаган   иши  ар  бирибизге кызык. Мугалим, сугатчы, дыйкан же министр болсун  алардын өмүр жолу китеп болууга татыктуу. Жаштар, улам кийинки муун алар тууралуу билиши керек. Азыр чындыгында эч ким китеп окубайт. Анткени баарыбыз интернет менен алекпиз. Бирок бул шылтоо менен китеп чыгарбай койгонго болбойт. Албетте чыгаруу да оңой эмес. Кымбат турат”  дейт. Китеп 100 нускада басып чыгарылган. Мукабасы атайын дизайн менен жасалган. Китеп   китепканаларга берилбейт. Кимдин өмур баяны китепке кирген болсо, ошо адамдарга гана берилет.

  Автордун айтымында мындай китептен үчөө чыгарылат. Алгачкы китептке  Ак-Тал, Кара-Бүргөн, Чолок-Кайың айылдарынан  эч бир киши кирбей калган.

Даярдаган:   Нурбек кызы Аймырза