Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Акталаанын Ак-Кыясында туулган. Жыл сайын анын туулган күнүндө ага-тууганы айылында Жеңишбектин атынан спорттук оюндарды өткөрүүнү 3 жылдан бери салтка айландырып келе жатышат. Бул күнү волейбол, аралыкка чуркоо, аркан тартыш, чака чапмай өңдүү оюндарды уюштурушту.


Аталган иш чарага жергиликтүү бюджеттен 2000 сом бөлүнгөн. Женишбектин агасы Бакытбектин айтымында кыргызда сейрек жаралуучу эн узун адам Жеңишбектин атын өчүрбөй, улам кийинкилерге калтыруу максатында колдон келишинче жыл сайын өткөрүп жатабыз. Оюндардын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.
Даярдаган: Назира Чыкын кызы