“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак ниет эмгектин үзүрү кайтат

12 Май 2017 жыл 3:48
Көрүүлөрдүн саны: 195

Согуш учурунда тылда калгандардын эмгеги да баа жеткис болгон. Анткени согушка кеткенден калган  кары-картан, жаш балдар, аялдар да Жениш үчүн жан аябай эмгектенишкен.  Мына ошо жылдары тылда эмгектенген Жусупказы да учурда 91 жаштын чайын ичип, келин-уулдун төрүндө.

Жуспказы атанын айтымында согуш учурунда 17 жашта болгон. Жашы жетпегендиктен колхоздун трактористи болгон. Согуш учурунда көп эле кыйынчылык көрдүк. Тамак-ашка жетпей ачка калган күндөр көп болду  деп эскерет.  Кудайга шүгүр, минтип 72-Женишти майрамдап жатам. Ак ниет болгула. Ак эмгек кылгыла, үзүрү болот дейт ардагер ата. Кылымга тете жашаса  Жусупказы атанын баскан-турганы тың, сүйлөгөн сөзү орунду. Ар убак небере-чөбөрөлөрүнө акылын айтып, сый үстүндө.

Даярдаган:  Эсенгулов Урмат