“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада “Жыл мугалими-2017” сынагы өтүп жатат

20 Май 2017 жыл 17:32
Көрүүлөрдүн саны: 1246

Эки күндөн бери Ак-Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде      райондогу  билим берүү мекемелеринде   иштеген мугалимдер жана тарбиячылар арасында   “Жыл мугалими-2017”  сынагы өтүп жатат.  Ага   мектепте өткөн сынактын    жеңүүчүлөрү   катышып, күч сынашууда. Сынак башталардан   мурун   райондук билим берүү бөлүмүнүн   өкүлдөрү мектептин спорттук залына коюлган   мыкты, оригиналдуу, кыймылдуу   көрсөтмө куралдар менен таанышып чыкты.

Андан сон жыйындар залында сынактын өтүү тартиби, жободо көрсөтулгөн шарттар менен тааныштырылды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн    башчысы  К.Эсеналиев катышуучуларга ийгилик каалады.  Сынакта катышуучулар  “менин педагогикалык философиям” , “комплекстүү тарбиялоо боюнча менин ой-пикирим” жана бир сабактын иштелмеси боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Даярдаган:  Жылдызбекова Алтынай