Балдардын эл аралык күнүнө карата бугүн Баетов айылында иш чара өттү. Аталган иш чара райондук маданият үйүндө өтүп, ага балдар менен бирге ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты. Райаким С.Черикбаев балдарды майрамы менен куттуктап, “балдар жана алардын келечеги үчүн чоңдор дайыма жоопкер” экендигин айтты.

Райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын тарбиялануучулары “Жети улак жана карышкыр” жомогун коюшуп, ырдап-бийлешип келген бөбөктөрдүн майрамдык маанай тартуулашты.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира