Баетов айылында балдарга арналып өткөрүлгөн иш чарада Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы майрамга келген бардык балдарга бекер балмуздак таратты.
Бөлүмдүн жетекчиси, милициянын полковниги Т.Кадыровдун айтканына караганда бөбөктөрдүн майрамына карата демөөрчү болууну кызматкерлердин бардыгы колдогон. Албетте жан дүйнөсү таза наристе балдарга жакшы маанай тартуулоонун өзү чон бакыт.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира