Ак-Талаа районунда эртең “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Манас жана маданият” фестивалы өтөт. Аталган иш чара райондун борбору болгон Баетов айылындагы Адилет паркында өтөт.


Учурда ага даярдыктар көрүлүп, паркта боз үйлөр тигилди. Ошондой эле алыскы жерден да меймандардын келиши күтүлүүдө. Фестивалдын жүрүшүндө болуучу театрлаштырылган оюн-зоокту режиссер Тынчтык Бугучиев даярдоодо. Салт катары жыл сайын Сон-Көл жайлоосунда өткөрүлүп келген фестивалга бул жолу бардык айыл өкмөттүн жана мекеме-ишкананын өкүлдөрү катышат. Акимдин орун басары Ж.Мамбетованын айтымында фестивалдын жүрүшүндө кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө-жарманке, улуттук тамак аш жана класстар жаа атуу өнөрү боюнча мастер класс өтүлөт. Ал эми спорттук оюндар бүгүн башталды.
Даярдаган: Г.Мамытбекова.
Сүрөттү тарткан: Э.Кубанычбекова