“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бир убакта эки ой жүгүрткөн Каным

8 Июнь 2017 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 140

Керимбекова  Каным Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу. Кичине экенине карабастан  окуунун алдыңкысы, мектептеги коомдук иштерге жигердүү катышууга аракеттенет. Бош убактысында  сүрөт тартып, калем сап өңдүү чакан буюмдарды кооздоо, дизайн менен алектенет.

1 жылдан бер мектепте жаңы ачылган   ой жүгүртүү (менталдык)  математикасы боюнча  ийримге катышып,  жакшы ийгиликтерди жаратып келет. Канымдын  айтымында ийрим абдан кызыктуу. Эгерде математиканы жакшы билсең калган сабактарды оңой өздөштүрүүгө болот.  Ийримге катышкандан бери жетекчиси Макелеева Нургүл эженин жардамы менен   аз эле убакытта көп нерсени үйрөндү.Каным  бир эле учурда эки ой жүгүртө алат. Тактап айтканда бир учурда ыр да айтып, эсеп да чыгара берет.  “Буюрса математикалык төрт амалдын үчөөнү үйрөндүк. Эмдиги жылы да   буюрса улантам” дейт.

Даярдаган:  Мамытбекова Г