Бүгүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Акталаалык оюнчулар менен Тогуз-Торо районунан келген оюнчулар спорттун волейбол жана шахмат түрү боюнча күч сынашууда.


“Манас маданият” фестивалынын алкагында өтүп жаткан оюндун ачылышына райаким С.Черикбаев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ак-Талаа районунун спорт инспектору М.Чырмыев: “Тогуз-Торо районунан волейбол боюнча 4 команда, ал эми шахмат боюнча 4 оюнчу келди. Ал эми Ак-Талаа районунан волейбол боюнча 5, шахмат боюнча 4 оюнчу катышат. Оюндар эртен 9-июнда жыйынтыкталат” дейт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова