“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бүгүн Акталаалык жаштар Бишкекте ооз ачар-ифтар уюштурат

13 Июнь 2017 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны: 159

Бүгүн   “Ак-Талаа  биримдиги”     коомдук бирикмесинин өкүлдөрү демилге көтөрүшүп, соопчулук үчүн    Бишкектеги   Атлас   ресторанында  ооз ачар уюштурат.

Бирикменин мүчөсү  Баялиев Кубанычтын айтымында   ооз ачардын чыгымын  бирикменин мүчөлөрү  өздөрү  көтөрөт. Ал эми салым кошом деген жаштарга эшик ачык. Азырынча 150 кишиге даярдалып  жатат. Ар бир муундан бирден  өкүл жоопкерчиликтүү болуп,  ооз ача турган адамдарды   такташат.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова