“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык окуучулар Кытайга олимпиадага барышат

21 Июнь 2017 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны: 141

 Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  менталдык математика ийрими ачылганына аз  убакыт  болду. Бирок ийгиликтери арбын.  Жакында менталдык математика  боюнча   өткөн республикалык  олимпиадага  ийримдин 7 мүчөсү катышты.

Булардын   ичинен  үчөө  биринчи орунду камсыз кылып, Пекин шаарында өтүүчү  олимпиадага жолдомо алышкан.   Ийрим жетекчиси   Макелеева Нургүл  эже  бул тууралуу  мындай деди:

Менталдык математика ийрими А.Абдраимов  атындагы жана биздин мектепте бар. Ушу эки мектептин окуучуларынын ортосунда олимпиада жүргүздүк.  Анан 1-2-3-орундарды алган окуучуларды  республикалык олимпиадага алып бардык.  Мен 7 окуучу  алып баргам. Жетөөнүн үчөө биринчи орунду камсыз кылып, Кытайга жолдомо алышты. Ал эми  бир окуучум үчүнчү орунду алды. Кытайда өтүүчү олимпиадага Кыргызстандан 11 окуучу барат.

Учурда ийримге 27 окуучу  катышып,  эки орундуу   сандарды  абакус жана  ой жүгүртүү аркылуу чыгара алышат. 4-класстын окуучусу Эрхан Сатарбеков  бул ийрим ой жүгүртүүнү өстүрөт. 5 минутада 40 эсеп чыгара алам дейт:

Мектепте олимпиада болуп, мен  экинчи орунду алгам. Республикалык олимпиадага катышып,  биринчи орунду алдым. Үйдөн эки, үч орундуу сандарды кошуп, көбөйтүп, минута менен иштеп жатам. Беш минутада кырк эсеп чыгара алам.

Ал эми 5-класстын окуучусу Керимбекова  Каным республикалык олипиадага кандайча катышып калганын жана  бир учурда    эки  бөлөк ой жүгүртө аларын  айтты:

Мен мектептеги олимпиадада  экинчи орун алгам.Ошентип  республикалык олимпиадага  катышып, биринчини алдым. Негизи белгилүү бир убакытта бир нече эсеп чыгарышыбыз керек. Мен бир эле учурда эки башка ой жүгүртө алам. Тактап айтканда бир эле учурда ырдап, ошол эле учурда эсеп да чыгара берем.

Ийримдин мүчөсү   Сабырбек    3-класстын окуучусу. Сабактарын абдан жакшы окуйт. Ийримге катышкандан бери ата-энеме да менталдык математиканы  үйрөтүп жатам. Кытайга барууга даярдыктарым жакшы дейт:

Бул математиканын мага жакканы  абакус менен чыгарат экен. Эс тутумду жакшыртып,ырларды бат жаттаганга жардам берет экен.Бул ийримге катышкандан бери атам менен апама да менталдык математиканы үйрөтуп жатам. Кытайга барууга даярдыктарым жакшы. Бул  ойжүгүртүү математикасы кадимки математиканы оной өздөштүргөнгө жардам берет.

Макелеева Нургул эже  менталдык математика боюнча  Кытайдан Лини шаарынан  окуп келген.  Негизи  ой жүгүртүү математикасы  6 денгээлде окутулат. Мектепке ийрим ачып жатканда окуучулар өздөштүрүп кете алар бекен деп тынчсызданганын айтат.

Мен  Кытайдан менталдык математика боюнча окуп келгенден кийин өзүм иштеген мектепке ийрим ачтым. Ачардан мурда окута аламбы, биздин балдар кытай окуучуларындай өздөштурүп кете алабы деп ойлондум. Коркуу сезимдери  болду. Бирок  окуучулардын окуганын, кызыгуусун көрүп, окутса болоруна ишендим. Өзүмдүн окуткан окуучуларыма аябай тан калдым. Анткени өздөштүрүп кетишти.  Негизи беш минутада үч орундуу, үч мамычалуу  сандардан  кырк  сегиз эсеп чыгаруу керек. Окуучулар азыр ушу денгээлге жетти.

Үстүбүздөгү жылдын 20 июлунда Кытайдын Пекин шаарында өтүүчү мамлекеттер аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан   11 окуучу катышат. Учурда өздүгүн аныктоочу документтер даярдалып, менталдык математика боюнча машыктыруучу көнүгүүлөр өтүлүүдө. Бул олимпиадага катышуу үчүн 16000миң сом өлчөмүндө акы төлөнөт. Бирок Кыргызстан биринчи жолу катышып жаткандыктан, катышуучулар олимпиадага өз каражаттары менен барып келишет. Анда алдыда боло турчу олимпиадада жаш математиктерге ийгилик каалайлы.

      Okuuchular-Kytajga-baryshat

Сынак үчүн даярдаган:  Кубанычбекова Эльвира

Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!