“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырылды

24 Июнь 2017 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны: 148

Ак-Талаа районунда  , жергиликтүү бийлик, билим берүү тармагынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн  жана ата-энелердин катышуусу менен   18 мектептин бутүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйнга окуучулар кызыл килем үстүндө келишти.

Ал райондук маданият үйүндө өтүп, жыл  ичинде  аталган тармактагы окуучулардын ийгиликтери тууралуу айтылды. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев:  Бүгүн мына   11 жыл  билим алып, эч нерседен бейкапар бактылуу  күндөрдүн ээси болдуңар.   Бирок Сиздер менен бирге бир канча мезгилден кийин  элге кызмат кылган, элим-жерим деген  патриот,билимдүү  инсан катары жолугабыз деп ишенем. Сиздерге ак жол каалайм”  деди. Ал эми  ата-энелер да бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, жакшы тилектерин билдиришти.

Андан соң   бүтүрүүчүлөргө бүтүрүү аттестаттары тапшырылды. Жыйын  бүтүрүүчүлөргө арналган концерттик программа менен коштолду.

Сынак үчүн даярдаган:   Кубанычбекова Эльвира