Ак-Талаа районунун Нарын дарыясындагы кооптуу абалда болуп, коркунуч туудурган чоң көпүрө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу менен толук кандуу жабылды.
Бул жагдайга байланыштуу түзүлгөн комиссиянын чечими менен, аталган министрлик тарабынан көпүрө толук жабылып, Нарын суусунун аркы өйүзүндөгү Кара-Ой, Кызыл-Белес, Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылдарынын райондун борбору менен болгон байланышы жана каттамы үзүлдү.

Алгач аталган көпүрөдөн оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилсе, эми баардык каттамдарга чектөө киригизилди.

Көпүрөнүн учурда абалы оорлоп, күндөн күнгө катуу кирген суунун кесепетинен тирөөчтөрү чөгүп, көпүрөнүн ортосү бир топ кыйшайып, туташкан жерлериндеги ажырымдар чоңоюп жатат. Көпүрөнүн №3-тирөөчү быйылкы жылы эле 67см чөккөн. 1981-жылы дагы дал ушул ортосу чөгүп кетип, кайра оңдолгон болсо, эми минтип жаңы көпүрө курууга курууга муктаж болууда.
Өткөрүлгөн шашылыш штабдын жыйынтыгы менен элдерге түшүндүрүү иштерин жасоо, 4 айылдагы жашоочуларды убактылуу медициналык тейлөөлөрдү, убактылуу төрөткана уюштуруу жана башка маселелер боюнча тийиштүү мекеме-ишканаларга жана айыл өкмөттөргө тапшырма берилди.
Эске салсак, көпүрө 1967-жылдары курулган. Бир канча жыл кызмат кылган көпүрө 1981-жылы ушул ортосу чөгүп кетип, кайра оңдолгон.
Даярдаган: Г.Мамытбекова