Ак-Талаа районундагы төрт айылды райондун борбору менен байланыштырып турган көпүрө жабылганына бир топ убакыт болду. Бул арада айылдарда жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, мед.пункт жана башка зарыл кызматтар ачылды. Бирок учурда айыл жашоочулардын негизги көйгөйү-жол киренин эки эсе кымбатташы болууда. Анткени айыл жашоочулары көпүрө жабылып калгандан бери азык-түлүк, ар кандай күнүмдүк муктаждыктар үчүн 8-Март айылы аркылуу айланып райондун борборуна, же Нарынга эки эсе алыс чакырымдагы жол басып,барып келиши керек.

Ак-Кыя айылынын тургуну Салкын Сыдыкова: жол кире кымбаттады. Мурда биздин айылдан Баетовго чейин 200 сом болсо, азыр 400 сом болду. Ошондой эле көпүрөгө чейин айылдын унаасы менен келебиз. Анын нары жагында башка таксилерге түшүп кетебиз дейт.

Ал эми Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Алдеева Русландын айтымында айылда ФАП бар. Бирок кошумча медицина кызматкерлерин чакырып жатышат. Ошондой эле тез жардам автоунаасы да берилген. Аталган айылда да жол кире 100 сомго кымбаттады эгер мурда 150 сом болсо, азыр 250 сом менен Нарынга барып келишет.
Сынак үчүн даярдаган: Кубанычбекова Эльвира