“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бир жарым жаштагы Алинурга жардам керек!

30 Июнь 2017 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны: 152

Алтынбеков Алинур Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылынын бир жарым жаштагы тургуну, беш бир туугандын кенжеси.  Тубаса журөк кемтиги менен төрөлгөн Алинурдун абалы учурда оор.

Ага тезинен операция жасоо керек  жана  биринчи  операциясы үчүн 300миң сом акча каражаты жумшалат. Ал эми ата-энесинин каражаты жетпейт.  Учурда  атасы Токтомуратов Алтынбек жол тейлөө мемесинде иштейт. Ал эми апасын Чыкын кызы Назира Алинурду карап   ооруканада жатат.

Назиранын айтымында Алинур жүрөк кемтигинен сырткары бир нече диагноз коюлган.  Мээнин оң шаарчасына кан жетпей, ошондон улам баланын сол колу жана сол буту эч нерсе сезбейт. Өз алдынча  кыймылдата албайт. Азыр бардык аракет  Алинурга керектелүүчү каражатты табуу. Эгерде  айтылган сумма табылса Алинурду кезексиз операция кылууга мүмкүнчулүк бар. «Баламдын ден-соолугун, өмурүн   сактап калуу үчүн  жардам сурап кайрылууга аргасызмын»   дейт. Учурда апасы банктан эсеп ачып, кайрымдуу жарандардан жардам сурап кайрылды.

Банктагы эсептин реквизиттери:         129026340000017   Чыкын кызы Назира

Алай кард номери:   109391

Апасы Назиранын байланыш телефону: 0708384752

Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын