“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кылмыштуулукту алдын алуу үчүн ишеним телефону иштей баштады

30 Июнь 2017 жыл 16:16
Көрүүлөрдүн саны: 133

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө жакынкы аралыктан бери 92-069 номерлүү ишеним      телефону иштеп баштады.

 

Бөлүмдүн башчысынын орун басары  М.Ашырбаевдин  айтымында   чалуулар райондун бардык аймагынан кабыл алынат.  Чалуулар  милдеттүү   түрдө  бөлүмдө  каттоого алынат жана  нөөмөттөгү кызматкер жооп берет. Жашы жете элек балдарга карата  жасалган, үй-булөлүк зордук-зомбулуктар, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган мыйзамсыз   кылмыштар,    кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттер  жана коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр тууралуу ар бир жаран арыз-даттануу менен кайрыла алат.    Эгерде  чалган жаран өзүнүн коопсуздугу үчүн  аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранса, өтүнүчү канааттандырылат  жана чалуу боюнча алгачкы текшерүү жургүзүлөт. Ишеним телефонун ачуудагы негизги максат- кылмыштуулукту алдын алуу,болтурбоо болуп саналат.

Андыктан кимде-ким жогоруда  белгиленген жагдайлардын күбөсү болсо, же маалыматы болсо 92-069  телефонуна кайрылыныз!

Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира