Бугучиев Тынчтык Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулуп-өскөн. Кичине кезинен эле кино тартууну кыялданган каарман учурда 8 даректүү жана 7 көркөм тасмалардын автору.

Устаты, Кыргыз Эл артисти Молдосейит Мамбетакуновдун кеңеши менен кинотасмалардан сырткары чоң масштабдагы маданий-массалык иштерге да режиссерлук кылууга аракет кыла баштаган.


2015-жылы Сон-Көлдө “Манас” фестивалынын экинчи айлампасын, ал быйыл “Манас-маданият” фестивалын ийгиликтүү даярдаган.


“Кино тартууда кыйынчылыктар болбой койбойт.Эң негизгиси коллектив менен иштегендиктен ар бири менен тил табыша билүү керек. Кастинг менен профессионал актерлорду тандаганга аракет кылабыз. Кээ бир учурда каражаттын жетишсиздигинен актер эмес жарандарды алууга туура келет. Бирок “Эл ичи-өнөр кенчи” дейт эмеспи, карапайым адамдардын арасында таланттуулар бар. Ошентсе да кастинг-кинонун мыйзамы” дейт. Каарманыбыз 2010-жылы тарткан “Салам Бишкек” кинотасмасынын уландысы катары жубайынын идеясы менен “Салам Ош” кинотасмасын тартып жатат. Сценарийин Тынчтык агай өзү жазган. Жубайы Бугучиева Мунара да режиссер. Учурда ЭЛТР телканалында эмгектенет. Чынгыз аттуу бир жарым жаштагы уулу бар. Ал эми каарманыбыз кинотасма тартуудан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана исскуство университетинде окутуучу болуп эмгектенет. Бала чагында сурөт менен кино тарткан Тынчтык агабыз келечекте элибиздин каада-салтын, урп-адатын экран аркылуу жаштарга таанытуу максатында чоң долбоор иштеп чыгарын кошумчалады.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!