Билим берүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытындагы иштерди координациялоо, билим сапатын жакшыртууга шарт түзүүчү жагдайларды анализдоо, мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү менен окуу-тарбиялоо процессинде, ата-эне менен байланыш түзүүдө бирдиктүү иштерди уюштуруу максатында Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумүнүн алдында Коомдук Кеңеш түзүлөт.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эсеналиев Каныбек: “Коомдук Кенешке билим берүү тармагындагы жана коомдук иштерде тажрыйбасы кенен, чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин, коомдук уюмдардын жаа мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мүчө боло алат дейт. Ал эми Кенештин кароосунда эң мааниилүү жана ыкчам чечүүнү талап кылган, аталган тармактын өкүлдөрунүн кызыкчылыктарынын корголушун камсыздоону көздөгөн маселелер коюлат. Учурда Коомдук Кеңештин Жобосу, максаты жана милдеттери иштелип чыкты.
Даярдаган: Г.Мамытбекова